Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.06.2018 16:58

Жалал-Абадда медициналык кызматкерлер сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-июнда Жалал-Абад облустук Барпы атындагы театрында ак халатчандардын кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Саамалыкка өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Маматжан Миянов баштаган бийлик өкүлдөр жана медицина кызматкерлери катышты. Калктын саламаттыгы дарыгерлерден көз каранды экенин белгилеген Ы.Ызабеков ак халатчандарга амандык каалап, аларга өкүлчүлүктүн ардак грамотасын тапшырды.

Шаар бийлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө облустун аймагында 1602 дарыгер, 6234 орто билимдүү медицина кызматкери үзүрлүү иштөөдө. Булардын ичинен 686сы КРнын ардактуу медицина кызматкери, 434ү жогорку категориядагы ак халатчандар. Медицина тармагында иштегендердин дээрлик 70-80 пайызын аялдар түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×