Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.06.2018 09:24 Жаңыланды: 29.06.2018 15:30 На русском

Видео — «Жалал-Абад периси-2018» сынагынын жеңүүчүсү кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн жабыркады

Turmush -  Жалал-Абад шаарында сулуулар сынагынын жеңүүчүсүн коркутуп, андан опузалап акча талап кылгандарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага инспектору, милициянын лейтенанты Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын М.Г. аттуу тургуну сиңдисин опузалаган кыздарга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

«Анын арызында "2018-жылдын 17-июнунда болжол менен саат 13:00 чамасында Жалал-Абад шаарында жайгашкан сулуулук салондордун биринде иштеген Тазагүл аттуу кыз өзүнүн эки шериги менен жашы жете элек сиңдим — 2001-жылы туулган Жасминаны иштеген жеринде сабап, зомбулук көрсөтүп, коркутушкан. Алар кайра-кайра телефон чалып, 6000 (алты миң) сом талап кылышкан. Ошондуктан Тазагүл аттуу кызга жана анын шерик кыздарына карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранам" деп жазылган. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексиндеги 170-берененин (опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголуп, тергөө, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү», - деди М.Турдубеков.

Жабырлануучу Т.Ж. буга чейин «Жалал-Абад периси-2018» сулуулар сынагына катышып, жеңүүчү аталган. Бул кылмыштын негизинде ыкчам маалыматтар алынып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен активдүү байланышы бар аялдардын кылмыштуу тобунун жоруктарын ачыктоо максатында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында Тазагүл аттуу аялдын өздүгү такталып, ал буга чейин бейбаштык боюнча сот жообуна тартылгандыгы аныкталган.

26-июнь күнү шектүү жабырлануучу кыздан 5 миң сом акча алып жаткан учурда күбөлөрдүн катышуусунда кармалды. Учурда анын шериктери боюнча да тергөө иштери улантылууда.

Жалал-Абад шаарында ушул жылдын 20-мартында «Жалал-Абад периси — 2018» сулуулук сынагы өтүп, жеңүүчү аныкталган болчу.

Мелдешке жалпы 10 кыз катышып, алар 6 шарт менен күч сынашкан.

«Сынакка жалаң гана кесиптик окуу жайлардын жана орто окуу жайлардын студенттери, ошондой эле мектеп окуучулары катышты. Жалпы 10 катышуучуга 6 тапшырма берилип, сынак шаардык деңгээлде өткөрүлдү. Жыйынтыгында баш байгени 16 жаштагы Жасмина Турсуналиева утуп алып, ага облустук сынакка жолдомо берилди. Ошондой эле жеңүүчүлөргө сертификаттар, дипломдор жана балуу белектер тапшырылды. Ал эми облустук деңгээлдеги сынакты өткөрүү боюнча облустук администрацияга кат жолдойбуз», - деген уюштуруучу Б.Алакулов.

Баш байгеге ээ болгон Жасмина Турсуналиева сынакка бир ай даярданганын жана жеңиш күтүүсүз болгонун айткан.

«Мен шаардагы №21 Эшматов атындагы мектепте 11-класста окуйм. Мелдешке 1 айга жакын убакыт даярдандым. Жеңишке жетүү мен үчүн күтүүсүз болду. Эми облустук деңгээлдеги сынакка катышууга жолдомо алдым. Буйруса ал сынакка дагы кызуу даярданам», - деген Ж.Турсуналиева.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×