Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Базар-Коргондо күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткандардын саны 13кө жетти (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунан күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылгандардын саны 13кө жетти, алгач жаткырылган 9 адамдын жетөөсүндө күйдүргү оорусунун таякчасы аныкталды. Бул маалыматты Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун бөлүм башчысы Паризат Эшенкулова тастыктады.

Анын айтымында, күйдүргү оорусуна күмөндөлүп жаткырылгандардын саны 13кө жетти.

«Ушул жылдын 18-июнунда Акман айыл аймагына караштуу Жаңы-Акман айылынын тургуну ооруп калган малын ветеринардык адиске көрсөтпөстөн сойгон. Кошуналары, айылдаштары малдын этин бөлүп алышкан. Кара малды 6 бөлүккө бөлүп, 26 үй-бүлөгө таратылган. 25-июнда мал союуга катышкандардын бири ооруканага кайрылган. Колундагы кызыл жараларын көргөн дарыгерлер аны сибирь жарасына күмөндүү деп эсептеп, атайын бригада айылга жөнөшкөн. Кечки саат 21:00гө чейин айылды кыдырышып, күмөндүү 8 жаранды алып келип, ооруканага жаткырышкан.

Эт жегендердин бири Россияга жөнөп кеткен экен, ал да чакыртылып, ооруканага жаткырылды. Күйдүргү оорусуна күмөндөлүп жаткырылган 12 адам мал сойгонго, эт бөлгөнгө жана этти кармап туздоого катышкан. Ооруга шектүү 10 жарандын анализи чыкты. Алардын ичинен жети бейтапта күйдүргү оорусунун козгогучтары бар экени аныкталды. Бир бейтап кайрадан текшерилүүдө, анткени ал ооруканага келгенге чейин антибиотик ичкен экен, кайрадан анализ жасалат. Бир бейтаптын дене табы улам көтөрүлүп жаткандыктан облустук клиникалык ооруканага которуу күтүлүүдө.

Учурда баарынын абалы туруктуу, дары-дармектер берилүүдө. Бүгүн бир адам кайрылды, анын колдорунда кызыл жара пайда болуптур. Күйдүргү оорусуна күмөндөлгөн адамдардын саны 13кө жетти», - деди П.Эшенкулова.

Ошондой эле ал мал союлган жайдан топурак алынып, андан да оору тастыкталганын ырастады. Айтымында, элден топтолгон эт Бишкек шаарына экспертизага жөнөтүлүп жатат.

Облустук ветеринардык башкармалыктан алынган маалыматка караганда, болжолдуу түрдө малдан 154 килограммдай эт чыгып, ал 6 топко бөлүнгөн. Андагы эттин 37 килограммы элден жыйналып алынып, жерге көмүлдү.

Ал эми Базар-Коргон аймактык ооруканасынын директору Батырбек Субанкуловдун айтымында, күйдүргү оорусуна күмөндөлүп, ооруканага жаткырылган жарандардын бардыгы Акман айыл аймагынын Жаӊы-Акман айылынын тургундары болуп саналат.

«Бейтаптардын улуусу 58 жашта болсо, кичүүсү 28 жашта жана алардын ичинен бешөө аял. Бейтаптардын бири бүгүн Жалал-Абад шаардык ооруканага которулду. Калган бейтаптардын абалы жакшы», - деди Б.Субанкулов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1152
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×