Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.06.2018 12:02

Сузакта 160 эне «Баатыр эне» ордени, «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты (фото, видео)

Turmush -  Сузак районунда 144 эне «Баатыр эне» ордени жана 16 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу райондун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы иш-чара чоң масштабда өткөрүлдү.

«Район боюнча жалпы 160ка жакын баатыр энелерибизди чакырып, аларга сыйлыктарды тапшырып жатабыз. Буга чейин айыл өкмөттөрдө чакан иш-чараларды өткөрүп, сыйлыктарды тапшырган болсок, азыр баардык апаларды райондун борборуна чакырып, сыйлыктарды салтанаттуу тапшырып жатабыз», - дейт аким Э.Омошев.

Маалым болгондой, сыйлык ээлеринин ичинен эң жашы — 7 баланын энеси, сегизинчи баласын күтүп жаткан 1986-жылы төрөлгөн Айгерим Ибайдиллаева болду.

Сузак районунда 288 миң калк бар, анын ичинде пенсия курагындагы батыр энелердин саны 1600дөн ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×