Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 27.06.2018 13:24 Жаңыланды: 27.06.2018 16:49 На русском

Фото — Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан аман калган 1,5 жаштагы баланын апасынын өздүгү такталбай жатат

Turmush -  Ош—Бишкек жолундагы Чычкан капчыгайында болгон жол кырсыктан Чычкан суусуна аккан келиндин өздүгү аныкталбай жатат. Маркумдун 1,5 жаштагы баласы учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Жол көзөмөлдөөчүлөрдүн ырастоолорунда, унаа сууга кулагандан кийин наристе сууга агып баратканда жүргүнчүлөрдүн бири кармап калган. «Азыр баланын абалы жакшы. Ал апасын эстеп, издеп жатат», - дешти алар.

Учурда маркумдун өздүгүн аныктоо аракеттерин көрүп жатышат.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, келин 6 чакырым аралыкка агып, анын жансыз денеси суунун жээгинен табылган.
Анын сөөгү Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген.

«30-35 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылган кезде анын сырткы кийимдерин суу агызып кеткендиги, жанында эч кандай өздүгүн аныктаган документ жок экендиги такталган. Учурда анын өздүгүн тактоо боюнча иш жүрүп жатат.

Жол кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 26-июнда Токтогул районундагы унаа кырсыктан 6 адам жабыркап, дайынсыз жоголгон 2 адамдын денеси табылгандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктүү тилкеси) болгон. 9 адам бара жаткан «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен. Андагы жүргүнчүлөрдүн ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×