Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 27.06.2018 11:31

Таш-Көмүрдө агасынын үйүнө кеткен бойдон дайынсыз жоголгон тургун табыла элек

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон 46 жаштагы тургунду издөө иштери улантылып жатат. Ал 21-июнда агасынын үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Алма айылынын 1972-жылы туулган тургуну Б.Т.нын жоголгондугу тууралуу туугандары кабар берип, Нарын дарыясынын жээгинде издөө иштерин жүргүзүүнү суранышкан.

Кечээ, 26-июндагы издөө иштерине ӨКМдин өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын 6 куткаруучусу жана туугандарынан 2 адам тартылып, бирок оң жыйынтык чыккан жок. Издөө иштери бүгүн, 27-июнда улантылат.

Буга чейин аталган тургунду издөө үчүн 6 куткаруучу, ШИИБдин 10 кызматкери жана туугандарынан 2 адам тартылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×