Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда үйгө уурулукка кирген 2 адам окуучулардын жардамы менен кармалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында үйлөрдүн бирине уурулукка кирген эки адам мектеп окуучуларынын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 19-июнда кечки саат 17:00 чамасында катталган. Анда Жалал-Абад шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине уурулукка кирген эки адамды кармоого мектеп окуучулары көмөк көрсөткөн.

«Коомдогу ушундай көрүнүштөргө кайдыгер карабай, милиция кызматкерлерине көмөк көрсөткөн 11 жаштагы Бекжан Акматжанов, Нуртай Абдивалиев жана алардын агасы — 14 жаштагы Нурмухамед Абдивалиевдер өткөн аптанын соңунда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн алкышын алышты», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2130
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×