Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 26.06.2018 10:46 Жаңыланды: 26.06.2018 14:02 На русском

Фото — Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадагы 2 адамдын денеси табылды, 6 адам жаракат алган

Turmush -  Бүгүн, 26-июнда Токтогул районундагы унаа кырсыктан 6 адам жабыркап, дайынсыз жоголгон 2 адамдын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктүү тилкеси) болгон. 8 адам бара жаткан «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен. Андагы жүргүнчүлөрдүн ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.

Саат 03:45те ооруканага жеткирилген жабырлануучулар:

- Алай районунун 1963-жылы туулган тургуну С.Э., буту сынган;

- Өзгөн районунун тургуну Н.А., денеси көгөргөн;

- Өзгөн районунун 1948-жылы туулган тургуну Ж.Ж., башынан жаракат алып, денеси көгөргөн.

Кийинчерээк Turmush басылмасына маалым болгондой, автоунаа (мамлекеттик номуру S 8514 N) Бишкектен Ош шаарын көздөй бара жаткан. Унаанын рулунда Өзгөндөгү Ак-Жар айылынын 1948-жылы туулган тургуну Ж.Жусупбек болгон.

Окуядан кийин Алай жана Өзгөн райондорунун жашоочулары — 1996-жылы туулган Ж.Нурсултан, 1996-жылы туулган Т.Дөөлөт жана 1985-жылы туулган И.Хусанга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Ал эми суудан чыгарылган унаанын ичинен Өзгөн районунун 1986-жылы туулган тургуну И.Махмуддун денеси табылган. Унаадагы жаш кыздын денеси изделип жатып, саат 12:00 чамасында суудан табылганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×