Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.06.2018 20:25

Жалал-Абадда 1 жума ичинде уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында 1 жума ичинде оор кылмыштарга тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү жана ага катыштыгы бар адамдар кармалды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кармалгандардын бири Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын 29 жаштагы жашоочусун көптөн бери коркутуп, 200 доллар талап кылып келген.

Акча талап кылган жаран жабырлануучудан 5000 сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар, Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган тургуну М.А. экендиги жана буга чейин КЖКнын 164-234-беренелери менен айыпталгандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, Ноокен районунда 1986-жылы туулган А.С. аттуу тургунду ур-токмокко алып, ден соолугуна зыян келтирген жаран кармалган. Ал ИИМде мыйзамдагы ууру К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган 1988-жылы туулган Т.Э. экендиги аныкталган.

Ошондой эле жергиликтүү ишкерден 10 миң доллар талап кылып, 110 миң сом алган УКТнын мүчөсү жана башка адамдан 5000 сом тоноп алган УКТга тиешеси бар адам кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×