Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.06.2018 15:43

Жалал-Абадда 8 жаштагы бала мектептин короосунда трансформатордогу токко урунуп, ооруканага түштү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 8 жаштагы Н.Нурлан №6 орто мектептин айланасында жайгашкан электр трансформаторго токко урунуп, оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты облустук биргелешкен оорукананын жетекчилиги да ырастады.

Ал эми «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы трансформатор ААКтын балансында эмес экенин билдирди.

«Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектеп авариялык абалда болгондуктан эки жыл мурун окуу процесси токтотулган. Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш иштери башкармалыгы тендер жарыялап, тендерди «Биор-Юг» курулуш компаниясы утуп алып, учурда мектепти куруп жатышат. Трансформаторду аталган курулуш компания орноткон, «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун балансында эмес. ГКТП тибиндеги трансформатордун бардык тарабы кулпуланган, ток берүүчү кабель-зымдары жер асты аркылуу өткөрүлгөн, мектептин сырты темир тосмо менен тосулган», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми облустук ооруканадан алынган маалыматка караганда, өспүрүмгө тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн.

«Фельдшердин айтымында, 2010-жылы туулган Н.Нурлан 20-июнда саат 17:00 чамасында №6 мектептин аймагындагы трансформатордо токко урунган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Күйгөн жараттарын таңып, травматологиялык бөлүмгө жаткырылган. Ал кулак калканы, бети жана сол жамбашы тарабынан 1-2 даражадагы күйүк алып, денесинин 12-15%ы күйгөн», - деп билдиришти облустук ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×