Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Ноокен, Ала-Букадагы фермерлерге сүт багытындагы 34 баш эчки берилди (фото)

Turmush -  Ноокен жана Ала-Бука райондорундагы фермерлерге сүт багытындагы 34 баш эчкилер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эки райондун аймагында «Ноокен жана Ала-Бука райондорунда туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өндүрүү системасын колдоо» долбоорунун алкагында иштер кызуу жүргүзүлүп жатат.

«Бүгүнкү күндө 2 райондун 18 айылдарында 957 дыйкандардан түзүлгөн 65 топ, андан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөр арасында 326 кишиден турган 25 топ түзүлдү. Тандалган 18 айылда тамактанууну жакшыртуу максатында түрдүү багытта иштер уюштурулду. Мисалы, айрым топтор жашылча-жемиштердин 11 түрүн өстүрүп жатышат. Алар помидор, бадыраң, калемпир, сабиз, пияз, капустанын 3 түрүн, ашкабак, аш кызылчасы жана смалак (шпинат) өстүрүшүүдө. Бардык жерде капустанын 3 түрүн өстүрүү жаңылык болууда. Смалак кыз-келиндерге, жаш балдарга абдан пайдалуу экендигин белгилешип, андан үрөн алып, өстүрүү керектигин айтышууда. Андан салаттын түрлөрүн, көк манты, чүчпара жана самса жасап, үй-бүлөсүндө тамак-ашка колдонуп жатышат», - деп билдиришти аталган долбоордун өкүлдөрү.

Ноокен районунун Алма айылында жашылча өстүрүү менен алектенген топтун лидеринин айтуусунда, мурунку жылдары базардан алып келип эккен көчөттөрү жакшы түшүм берчү эмес же болбосо эккенден кийин куурап калчу. Долбоордун алкагында алган жашылчалар сапаттуу жана даамдуу болууда. Ошондой эле бүгүнкү күндө Ноокен районунда сүт багытындагы эчкилерди багуу боюнча 3 топ түзүлдү. Ала-Бука районунда 2 топ түзүлүп, жалпы 5 топко сүт багытындагы 34 эчки алынып, топтун мүчөлөрүнө тапшырылды.

Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылында түзүлгөн «Ягода-Малина» тобунун мүчөсү Чиликеева Айсалкындын айтуусунда, алар буга чейин деле малина өстүрүп жүрүшкөн. Бул долбоордон малина жана кулпунай көчөттөрүн алышкан. Бүгүнкү күндө кулпунай жана малина бышып калды.

Бул долбоор FSDS (Туруктуу өнүгүүнүн сунуштары) коомдук фондунун колдоосу менен Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын аткаруусунда ишке ашырылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 640
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×