Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

«Мекендештер»: Айкелчи Т.Маматова Италияда өткөн симпозиумга барып, 2 метрлик эстелик жасады ( видео, фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Келте айылынын 30 жаштагы тургуну Тамила Маматова Италиянын Венеция шаарына атайын чакыруу менен барып, 2 метрлик айкел жасады. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, аталган шаарда өткөн симпозиумга Кыргызстандан башка Кытай, Италия, Канада, Эфиопия, Латвия жана Словакиядан барган айкелчилер катышты.

«Бул симпозиумга келген айкелчилер таштан скульптураларды жасашты. Кыргызстандан мен бардым. Ар бир өлкөдөн бирден айкелчини атайын чакырышты. Уюштуруучулар интернеттен менин жумуштарымды жактырып, мени менен байланышты. Сүрөттөгү чоӊ таштан жасалган айкел 12 күндө бүттү. Бийиктиги постаменти менен 2 метр 30 см болот.

Италиянын бул шаарынын жаратылышы кооз экен. Элдери аябай маданияттуу. Архитектурасы абдан кооз. Мен бул жерге экинчи жолу келдим. Биринчисинде Флоренцияда болсом, быйыл Венецияга жакын жердемин. Тамак-аштары абдан даамдуу жана ар түрдүү экен. Сырдан жана кесмеден жасалган тамак-аштары көп», - деди ал.

Он бир жылдан бери айкелчилик менен алектенип келе жаткан 31 жаштагы Тамила Маматова учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы И.Е.Репин атындагы мамлекеттик көркөм өнөр, айкел жана архитектура академиялык институтунда билим алып жаткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 871
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×