Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө 3 адам баңгизат менен кармалды, бири Өзбекстандын жараны (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында 3 адам баңгизат менен кармалды, алардын бири Өзбекстандын жараны.

Таш-Көмүр ШИИБдин маалыматына караганда, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүчү кызматкерлер ушул жылдын 7-июнунда саат 14:00 чамасында Шамалды-Сай шаарчасынын сейил багында Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын 1972-жылы туулган тургуну А.К.ны текшерген. Анын чөнтөгүнөн болжол менен 6-7 грамм кара, күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Андан 2 жума өтпөй ошол эле аймактан баңгизат алып жүргөн адам кармалган. Тактап айтканда, 21-июнда саат 16:00 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын 1977-жылы туулган тургуну Т.Т. Таш-Көмүр шаарынын Некрасов көчөсүндө ыкчам-малыматтын негизинде текшерилип, анын кийип жүргөн шымынын чөнтөгүнөн салмагы 25-30 грамм баңгизат алынган.

Ошондой эле 23-июнда саат 11:30 чамасында Шамалды-Сай шаарчасында Өзбекстандын Самарканд облусунун 1975-жылы туулган тургуну Т.Ш.ны текшерген убакта жанындагы тамекинин кутучасынан 6 грамм кара түстөгү өзгөчө жыты бар баңгизат алынган.

Химиялык экспертизанын жыйынтыктары көрсөткөндөй, алынган заттар гашиш экендиги аныкталган. Жогорудагы 3 факты боюнча Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иштери козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 603
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×