Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 25.06.2018 09:48

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 46 жаштагы тургун изделип жатат

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон 46 жаштагы тургун изделип жатат. Ал 21-июнда агасынын үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Алма айылынын 1972-жылы туулган тургуну Б.Т.нын жоголгондугу тууралуу туугандары кабар берип, Нарын дарыясынын жээгинде издөө иштерин жүргүзүүнү суранышкан.

Кечээ, 24-июндагы издөө иштерине ӨКМдин өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын 6 куткаруучусу, ШИИБдин 10 кызматкери жана туугандарынан 2 адам тартылып, бирок оң жыйынтык чыккан жок. Издөө иштери бүгүн, 25-июнда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×