Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 25.06.2018 08:44

Чаткалдагы Сумсар айылына баруучу унаа жолду сел каптады

Turmush -  Чаткал районунда жааган жаандын кесепетинен Сумсар айыл аймагынын Жунус айылынан Сумсар айылына баруучу унаа жолдун 5 метр аралыгын сел суусу каптады. Кечээ, 24-июнда саат 18:00 чамасындагы селдин кесепеттери көп узабай жоюлуп, сел калдыктары тазаланган.

ӨКМ билдиргендей, жол тазалоо иштерине тиешелүү органдардын өкүлдөрү чыгып, саат 20:00дө толук аякташты. Адамдар жабыркаган жок. Учурда бул аймак көзөмөлдө турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×