Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Сузактын тургунунан акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда акыркы 1 жума ичинде оор кылмыштарга тиешеси бар деп шектелип уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү жана аларга байланышы бар адамдар кармалышты.

ОИИБдин маалыматына караганда, кармалгандардын бири 29 жаштагы Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын жашоочусун көптөн бери коркутуп, 200 доллар талап кылып келген.

«КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы оперативдүү иш аракеттерди жүргүзүп, акча талап кылган жаран жабырлануучудан 5000 сом алып жаткан жеринен кармалды. Уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар жаран Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган тургуну М.А., экендиги жана буга чейин КЖКнын 164-234-беренелери менен айыпталгандыгы аныкталды», - деп айтылат маалымтта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1641
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×