Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Сузакта 2 лимузин менен эс алууга бараткан бүтүрүүчүлөр токтотулду (фото)

Turmush -  Сузак районунда 2 лимузин менен эс алууга бараткан 11-класстын бүтүрүүчүлөрү токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору А.Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу №13 А.Базаров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү тойлорго ижарага берилүүчү 2 лимузин унаасын жалдашып, «Кара-Алма» эс алуу жайына бараткан жеринен ЖККБ кызматкелери тарабынан Сафаровка айлында токтулган.

«Билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мектеп жетекчилери, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери чакыртылды. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, бүтүрүүчүлөр ата-энелерине тапшырылып, үйлөрүнө таратылды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2925
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×