Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 22.06.2018 22:00 Жаңыланды: 18.07.2018 11:23

Айыл турмушу: Сузактык Н.Исакова апасынан үйрөнгөн өнөр менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Сузак районунун тургуну Назира Исакова курак курап, кыздардын себин тигүү менен алектенет. Элеттик чебер менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, ал курак куроону апасынан үйрөнгөн.

«Апам айылда чоң чебер болгон. Курак курап, төшөк тигүүнү апаман үйрөнгөм. Үй-бүлөдө мен кыздардан чоңу болгондуктан апама көбүрөөк жардамдашчумун. Апам айыл элине төшөк жана кийимдерди тикчү. Мен апама жардамдашып жүрүп үйрөндүм. Мектепти аяктагандан кийин 17 жашыман баштап Жалал-Абад шаарындагы кийим тигүүчү цехте иштеп баштадым. Ал жерде жалаң жаш балдардын кийимдерин тигип, чет өлкөгө экспортточубуз. Ал жерде 15 жылга жакын эмгектендим», - дейт ал.

Мындан сырткары ал, турмушка чыккандан кийин да тигүүчүлүк ишин улантканын кошумчалады.

«Келин болуп келгенде төшөк, кийим тигүүнү адатка айланттым. Кийинчерээк кыздардын себин тигүүгө буйрутмаларды алып, үйдөн иштеп каражат таба баштадым. Кийин айылдагы лицейде кыздарга тигүүнү үйрөтүү боюнча мугалим болуп ишке орноштум. Учурда 20га жакын тигүүчү кыздар бар. Алар менен биргеликте буйрутмаларды кабыл алып, төшөктөрдү тигип, курактарды курап, кийимдерди тигип жатабыз. Буйруса чакан цех ачууну пландап жатам», - деди кол өнөчү.

Назира Исакованын 1 уулу жана 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×