Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 22.06.2018 15:00

Видео — Токтогул ГЭСтеги машыгуу учурунда «террористтер» кармалды

Turmush -  19-июндан 21-июнга чейин Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСнин объекттеринде биргелешкен атайын-тактикалык машыгуу болуп өттү деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Токтогул 2018» иш-чарасы ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду. Ага Жалал-Абад облусунун, Токтогул районунун, Кара-көл шаарынын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Машыгуу аскер кызматкерлеринин кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүп, энергетикалык объекттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда тиешелүү тармактардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, стратегиялык объекттерге мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн кол салуусу менен террордук аракеттерге каршы турууга алдын ала даярдайт. Машыгуунун жыйынтыгында анын катышуучуларынын арасындагы кайтаруудагы объекттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттерде чеберчиликтери менен жогорку даярдыктарын көрсөткөндөргө Куралдуу күчтөрдүн, Улуттук Гвардиянын кол башчысынын ыраазычылыгы айтылып, медалдар, грамоталар, баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×