Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда Ооган согушунда каза болгон жоокерлерге эстелик орнотуу үчүн марафон өттү (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында 20-июнда Ооган согушунда каза болгон жоокерлерге эстелик орнотууга каражат топтоо максатында марафон ɵткɵрүлдү.

Марафон мэрия жана Ооган согушунун Майлуу-Суу шаарындагы ардагерлер кеңеши тарабынан өткөрүлдү.

Эстелик Ооган согушунда курман болгон Майлуу-Суу шаарындагы 9 жоокерге арналып тургузулмакчы. Ага мэрдин резервдик фондунун эсебинен 15 000 сом жана марафонго мэрдин резервдик фондунан 30 000 сом бɵлүндү.

Марафонго Жалал-Абад шаарындагы, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул, Сузак райондорундагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин тɵрагалары келишти. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын жетекчилери да активдүү катышып, 57 000 сом бөлүштү. Марафондон жалпы 87000 сом топтолду.

Иш-чаранын алкагында Ооган согушуна арналган документалдуу тасма кɵрсɵтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 781
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×