Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

К.Сатыбалдиев Иштамберди кениндеги чыр боюнча: Кытайдын башкы консулу абалды жеринде көрдү (фото)

Turmush -  Иштамберди кенин иштеткен «Фулд Голд Майнинг» компаниясы мыйзам талаптардын көбүн аткарган эмес. Мындай пикирди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, компания кен казуу ишин жандантып, бирок калдык сактоочу жайларга анчейин көңүл бөлгөн эмес.

«Фулд Голд Майнинг» компаниясында иштеген жумушчуларга шарт түзүп берүү маселесин калк көтөрүп келген. Башкача айтканда жатакана, жуунучу жай куруу жана кийим-кече маселелерин айтып келишкен. Бул маселелер акырындык менен чечилип жаткан. Өткөн аптада нааразы болгон эл экология маселесин көтөрүштү. Калк көтөрүп жаткан маселелердин да чындыгы бар. Өзүм да компаниянын ишмердигин жеринде көрүп келдим. Алтынды жуугандан кийинки саркынды таштандылар сакталуучу жайлар талаптагыдай эмес жаман заттарды жерге сиңирбей турган клёнкалары сапатсыз. Башка компанияларга салыштырмалуу талаптардын көбү аткарылган эмес. Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлабаса анда башкача кадам болушу мүмкүн. Кытайдын башкы консулу да жагдайды жеринде көрдү жана биз бул маселе боюнча сүйлөштүк. Алар өлкөнүн мыйзамдарын сактай турушкандыктарын, компания мыйзамды бузса өздөрү чара көрүшөрүн айтышты. Калк өздөрү кошкон тургундардын жана адистердин, бийлик өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ да жеринде көрүштү.

Эл цианид жана уулуу химиялык заттарды көп колдонот деп нааразы болушууда. Атайын лабораторияга жиберилди. Биз да ошол жыйынтыкты күтүп жатабыз. Элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 10 пункттан турган талап коюлду. Атайын координациялык кеңеште да ушул маселе каралды. Эки райондун акимине сөгүш берилди», - деп билдирди ал.

Ошондой эле, ал эки инвесторлордун аракеттерин да эске алуу керектигин кошумчалады.

«Компаниянын өкүлдөрү да кемчиликтери бар экенин моюндашты. Кемчиликтерди жоюу үчүн иш алып барылаарын айтышууда. Алар биздин мыйзамдарды сыйлоосу керек. Жаратылыш бизге керек. Калктын экология боюнча коюп жаткан маселеси туура, бирок ошол компанияда иштеп жаткан Максат, Сулайман деген жарандарды жумуштан бошотуу талаптарына кошула албайм. Анткени бул жеке менчик мекеме. Алардын ички кадрдык ишине биз кийгилише албайбыз. Негизгиси келишимге ылайык компаниядагы жумушчулардын 90 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт. Бул талап аткарылып жатат. Алардын аракеттерине маани беришибиз керек», - деди өкүл.

Буга чейин Иштамбери кенин иштеткен «Фул Голд Майнинг» компаниясынын ишине нааразы болгон тургундар 12-июнда нааразычылык акциясына чыгышкандыгы маалымдалган. Алар кен казган тараптын ишин токтотууну талап кылып, кийин президентке чейин кайрылышкан. Учурда Иштамберди кени ишин убактылуу токтотуп турат.

Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Авазбек Мыйзамбеков билдиргендей, Иштамберди кенин иштетип келген «Фулд Голд Майнинг» компаниясынын ишмердиги 13-июндан тарта токтотулду жана ал өз ишмердигин жандантуу үчүн 10 пункттан турган талапты аткаруусу шарт.

«Пландык текшерүүдөн кийин 30-40 күн өткөндө кемчиликтердин жоюлганын көзөмөлдөө боюнча кайрадан текшерүү болот. 2018-жылдын 11-февралында кайрадан текшерүүгө барганбыз. Бирок, ага чейин айтылган кемчиликтер жоюлбагандыктан дагы кошумча айып салынып, жалпы суммасы 234 миң сом болгон. Аталган компанияда иштеген жумушчулардын арыздануусунан улам 19-22-март күндөрү кайрадан барып текшерүүгө алганбыз. Биз койгон талаптар таптакыр аткарбагандыктан КРнын административдик айып пул салуу боюнча 79-беренин негизинде дагы 7500 сом айып салынган. Аталган компания кен байлык алууда жердин күрдүү катмарын бузушкан, жумушчуларга жакшы шарт түзүп берген эмес. Жумушчулар үчүн ашкана, мончолору оңдолгону менен саркынды сууларга септик жасоо тапшырмасы коюлса да ал жүзөгө ашырылган эмес. Ошондой эле жер туура эмес пайдаланылып, сүрүп жол салынганы үчүн 140 миң сом доо коюлган. Баардыгы болуп 274 миң сом айып салганбыз», - дейт Авазбек Мыйзамбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

12.06.2018Митингге чыккан эл Иштамберди кенин иштеткен компаниянын ишин токтотту (видео)
13.06.2018Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл менен бийлик өкүлдөрү жолукту
14.06.2018Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл 3 талап койду
15.06.2018Иштамберди кениндеги чыр: Нааразычылык билдирип чыккандарды милиция кармап кетти
16.06.2018Иштамберди кенине байланыштуу нааразычылыкка чыккандар камакта эмес, - милиция
18.06.2018Иштамберди кениндеги чыр: Нааразычылыкка чыккандар жаңы талап коюшту (фото)
19.06.2018Иштамбердиде иш токтотулуп, кытайлык компанияга 10 пункттан турган талап коюлду (фото)
20.06.2018Иштамберди кениндеги чыр: Чаткал жана Ала-Буканын акимдерине сөгүш берилди
13.06.2019Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл кайрадан чогулду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1609
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×