Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 21.06.2018 13:39

Аксыда 2 айылды байланыштырып турган жолду сел алып кетти (фото)

Turmush -  Аксы районунда Ак-Суу айылы менен Кызыл-Жар 12 айылдарын байланыштырып туруучу негизги жолду сел каптады. Бул тууралуу Ак-Суу айылынын тургуну Аблай Калбай уулу билдирди.

Анын айтымында, жолду шагылдар каптап, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралды.

«20-июнда түнкүсүн жааган нөшөрлүү жамгырдын айынан суулар топтолуп, айылда сел жүрдү. Сел суулары биздин айылды Кызыл-Жар 12 айылы менен байланыштырып туруучу негизги жолду алып кетти. Азыркы тапта айдоочуларга жана айыл элине бир топ ыңгайсыздыктар жаралууда», - дейт А.Калыбек уулу.

Ак-Суу айылында 7 миңден ашык калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×