Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Чаткал районунда жер жүрүп, ички жолдорду жууп кетти (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагында 20-июнда саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жунус айылындагы жылгадан сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сел Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 4 метр жерин жууп кеткен, ошондой эле Жунус айылында 1 турак үйдүн сарайын каптаган.
Мындан сырткары, Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жолдун 8-10 метр аралыгын каптап, 1 көпүрөнүн капталын сел суулары агызып, жол каттамы жабылган.

Кырсык болгон жерге Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана ӨКМдин Чаткал району боюнча бөлүмүнүн башчысы капитан Сулайманов барышып, абалды жеринен көрүштү.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жол тазаланып, бир тараптка ачылган.

Ал эми Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жол №17 жол тейлөө ишканасы тарабынан 21-июнь күнү калыбына келтирилет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 726
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×