Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

«Кошуна үйгө кеткен бойдон дайынсыз»: Окуучу кызды зордуктоого шектүү камалды

Turmush -  Ала-Бука районунда окуучу кызды зордуктоого шектелген адам 2 айга камакка алынды.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Ала-Бука райондук сотуна РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн (Зордуктоо, жашы жете электерге карата жасалган) кылмышты жасоодо айыпталып жаткан А.Э.Б.нын кармалгандыгынын мыйзамдуулугун текшерүү жана бөгөт коюу чарасын камакка алууну тандоо боюнча өтүнүч келтирген.

«Соттун ушул жылдын 16-июнундагы токтому менен тергөө кызматынын өтүнүчү канааттандырылган. Анда А.Э.Б.ни кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган, аны 2 ай кармоо менен байланышкан, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ала-Бука райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда, шектүү жаран жаштайынан майыптыгы боюнча каттоодо турат.

«Окуучу кызды унаасында зордуктоого шектелип кармалган 1993-жылы туулган Э.А бала чагынан эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, 3-топтогу майып катары каттоодо турат», - деп билдиришти.

Буга чейин Ала-Бука районунда өзүнүн унаасында окуучу кызды зордуктоого шектүү делип 25 жаштагы жигит кармалгандыгы маалымдалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 969
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×