Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.06.2018 11:18

Иштамберди кениндеги чыр: Чаткал жана Ала-Буканын акимдерине сөгүш берилди

Turmush -  Иштамберди кениндеги чырга байланыштуу Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге жана
Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыровго сөгүш берилди. Бул маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

Анын айтымында, 19-июнда координациялык кеңеш өтүп, алтын кенге байланыштуу маселе каралды.

«Эки райондун акимдин жергиликтүү калк мене тыгыз иш алып барбагандыгы, түшүндүрүү иши толук жолго коюлбагандыгы айтылып, аларга сөгүш берилди. Ал эми Экотехинспекциясынын Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча бөлүм башчысынын кызмат абалын кароо сунушу берилди», - деп билдирли ал.

Буга чейин Иштамбери кенин иштеткен «Фул Голд Майнинг» компаниясынын ишине нааразы болгон тургундар 12-июнда нааразычылык акциясына чыгышкандыгы маалымдалган. Алар кен казган тараптын ишин токтотууну талап кылып, кийин президентке чейин кайрылышкан. Учурда Иштамберди кени ишин убактылуу токтотуп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

12.06.2018Митингге чыккан эл Иштамберди кенин иштеткен компаниянын ишин токтотту (видео)
13.06.2018Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл менен бийлик өкүлдөрү жолукту
14.06.2018Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл 3 талап койду
15.06.2018Иштамберди кениндеги чыр: Нааразычылык билдирип чыккандарды милиция кармап кетти
16.06.2018Иштамберди кенине байланыштуу нааразычылыкка чыккандар камакта эмес, - милиция
18.06.2018Иштамберди кениндеги чыр: Нааразычылыкка чыккандар жаңы талап коюшту (фото)
19.06.2018Иштамбердиде иш токтотулуп, кытайлык компанияга 10 пункттан турган талап коюлду (фото)
13.06.2019Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл кайрадан чогулду
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×