Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 19.06.2018 21:23

Тогуз-Торо аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоого муктаж (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты оңдоого муктаж.

Аймактык оорукананын башчысы Нуржамал Дүйшееванын айтымында, имаратты оңдоого 8 млн сом керектелет.

«Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын абалы начар. Имараттын чатырчасы бузулгандыктан 10 жылдай тамчы өтүп, кийин 2014-жылы жабылган экен. Мен бул жерге жаңы жетекчи болуп келдим. Келгенден бери өкмөткө, президентке кайрылуу жолдодук. Имаратты оңдоого 8 млн сом керектелет», - дейт Н.Дүйшеева.

Ал эми жергиликтүү тургун Анарбек Санжыбаевдин айтымында, бейтаптар жатуучу бөлмөлөр кейиштүү абалда. «Бөлмөлөрдүн дубалдары көчүп, түшүп калган. Көп жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтө элек экен», - дейт тургун.

Тогуз-Торо аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 30 жыл мурда курулган. Ооруканада жалпы 300 дарыгер эмгектенип, райондогу 24 миң калкты тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×