Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 19.06.2018 13:50

Иштамбердиде иш токтотулуп, кытайлык компанияга 10 пункттан турган талап коюлду (фото)

Turmush -  Иштамберди кенин иштетип келген «Фулд Голд Майнинг» компаниясынын ишмердиги 13-июндан тарта токтотулду. Компания өз ишмердигин жандантуу үчүн 10 пункттан турган талапты аткаруусу шарт. Мындай маалыматты Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Авазбек Мыйзамбеков билдирди.

Анын айтымында, кытайлык компанияга буга чейин бир катар эскертүүлөр берилип келген. Бирок компания коюлган айыпты гана төлөп коюп, кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү кадамдарга барган эмес. Былтыркы жылдын декабрь айында Экотехинспекциянын өкүлдөрү пландык текшерүүгө барышкан. Кемчиликтерди жоюу үчүн эскертүүлөр берилип, 187 миң сом айып салынган болчу.

«Пландык текшерүүдөн кийин 30-40 күн өткөндө кемчиликтердин жоюлганын көзөмөлдөө боюнча кайрадан текшерүү болот. 2018-жылдын 11-февралында кайрадан текшерүүгө барганбыз. Бирок, ага чейин айтылган кемчиликтер жоюлбагандыктан дагы кошумча айып салынып, жалпы суммасы 234 миң сом болгон. Аталган компанияда иштеген жумушчулардын арыздануусунан улам 19-22-март күндөрү кайрадан барып текшерүүгө алганбыз. Биз койгон талаптар таптакыр аткарбагандыктан КРнын административдик айып пул салуу боюнча 79-беренин негизинде дагы 7500 сом айып салынган. Аталган компания кен байлык алууда жердин күрдүү катмарын бузушкан, жумушчуларга жакшы шарт түзүп берген эмес. Жумушчулар үчүн ашкана, мончолору оңдолгону менен саркынды сууларга септик жасоо тапшырмасы коюлса да ал жүзөгө ашырылган эмес. Ошондой эле жер туура эмес пайдаланылып, сүрүп жол салынганы үчүн 140 миң сом доо коюлган. Баардыгы болуп 274 миң сом айып салганбыз», - дейт Авазбек Мыйзамбеков.

Ал белгилегендей, тийиштүү адистер компания өкүлдөрүнө өлкө мыйзамдарын сактоо багытында өздөрүнүн тийиштүү аракеттерин жумшап жатышат. Карапайым калк арасында компания жумушчуларга шарт түзбөгөндүгү, талаптар аткарылбагандыгы үчүн нааразычылык күчөгөн.

«Элдин нааразычылыгынан кийинки текшерүүдөн соң мурда айтылып келген кемчиликтердин аткарбагандары да кошулуп, жалпысынан 10 пункттан турган талап коюлду. Себеби биз буга чейин айтып келгендей эле калдыктар башаламан төгүлгөн, аны иретке келтирүү боюнча тапшырма аткарылган эмес. Андан сырткары, коюлган талаптарга калдык сактоочу жайды көзөмөлдөө, сай жээктерин калыбына келтирүү, гидрометрологиялык сектада газ өлчөөчү приборлорду орнотуу, химиялык заттар атайын кампага сактоо пункттары киргизилди. Ошондой эле көмүр жана акиташтар ачык асман алдында сакталат, муну калыбына келтирүү сыяктуу тапшырмалар камтылган. Калктын койгон талабы да ушул болууда. Ушул 10 талаптан турган пункт аткарылмайынча фабриканын ишмердиги токтотулаары боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Компания өкүлдөрү буга чейин талаптарды аткарабыз деп, бирок мамлекетке чегерилүүчү айыпты гана төлөп, коюлган талаптарды толук кандуу аткарбай келишкен болчу», - деп билдирди ал.

Буга чейин алтын кенге байланышкан облустук жыйындарда да дал ушул Иштамберди кенин иштеткен компанияга элдин нааразычылыгы бар экенин Чаткал районунун акими айтып, маселе көтөрүп келген.

Иштамберди кенинде кен казуу иштери 2008-жылы башталып, ишкана толук кандуу 2016-жылдын июнь айында жумушка киришкен. Кенди кытайлык инвесторлорго таандык «Фулд Голд Майнинг» компаниясы иштетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

12.06.2018Митингге чыккан эл Иштамберди кенин иштеткен компаниянын ишин токтотту (видео)
13.06.2018Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл менен бийлик өкүлдөрү жолукту
14.06.2018Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл 3 талап койду
15.06.2018Иштамберди кениндеги чыр: Нааразычылык билдирип чыккандарды милиция кармап кетти
16.06.2018Иштамберди кенине байланыштуу нааразычылыкка чыккандар камакта эмес, - милиция
18.06.2018Иштамберди кениндеги чыр: Нааразычылыкка чыккандар жаңы талап коюшту (фото)
13.06.2019Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл кайрадан чогулду
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×