Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Иштамберди кениндеги чыр: Нааразычылыкка чыккандар жаңы талап коюшту (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-июнда Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына Иштамберди кенине байланыштуу 200гө чукул адам чогулуп, өздөрүнүн талаптарын билдиришкен соң тарап кетишти. Бул тууралуу Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Марат Кайыпов билдирди.

Анын айтымында, тургундар менен Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев баштаган жетекчилер жана укук коргоо органдырынын кызматкерлери жолугушту.

«Иштамберди кенинин иштешине нааразы болгондор бүгүн кайрадан чогулушту. Алар мурдагы эле 3 талапты коюшту. Мындан сырткары, кендеги кыргыз жетекчилерди иштен бошотуу талабын коюп жатышат. Себеби, кыргыз жетекчилер жумушчуларды мажбурлап иштетишет деп айтып жатышат. Тургундар зыяндуу заттарды дагы эл жашаган конуштан алыс аймакка жайгаштырсын деген талапты коюшту», - деди ал.

Буга чейин Иштамбери кенин иштеткен «Фул Голд Майнинг» компаниясынын ишине нааразы болгон тургундар 12-июнда нааразычылык акциясына чыгышкандыгы маалымдалган. Алар кен казган тараптын ишин токтотууну талап кылып, кийин президентке чейин кайрылышкан. Учурда Иштамберди кени ишин убактылуу токтотуп турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

12.06.2018Митингге чыккан эл Иштамберди кенин иштеткен компаниянын ишин токтотту (видео)
13.06.2018Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл менен бийлик өкүлдөрү жолукту
14.06.2018Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл 3 талап койду
15.06.2018Иштамберди кениндеги чыр: Нааразычылык билдирип чыккандарды милиция кармап кетти
16.06.2018Иштамберди кенине байланыштуу нааразычылыкка чыккандар камакта эмес, - милиция
13.06.2019Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл кайрадан чогулду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1005
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×