Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактык Т.Жалилов 4 унаанын тетиктеринен чакан трактор жасап, элге кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылынын 30 жаштагы тургуну Төлөгөн Жалилов быйыл 4 автоунааны бириктирип, чакан трактор жасады. Аймактык кабарчы элеттик уста менен таанышты.

Т.Жалиловдун айтымында, 4-5 жыл мурун интернеттен чакан трактор жасоонун ыкмасын көрүп, өзү да трактор жасоого кызыгып, тетиктерди жыйнай баштаган.

«Негизинен «Жигули» унаасынын тетиктерин колдондум. Ошондой эле УАЗ, «Нива» унааларынын да айрым тетиктерин салдым. «Тико» унаасынын балонун коштум. Быйылкы жылдын март айында кураштырып баштагам. Тракторду жасоого бир ай убакыт кетти. Кураштырып бүткөн соң, биринчи жолу өзүмдүн жеримди айдап көрдүм, жер жакшы айдалды.

Азыр айылдагы элдин огороддорун айдап жатам. Бул трактордун жакшы жери чакан, анан күйүүчү майды аз сарптайт. Мисалы 15 сотых жерди айдоо үчүн 2 же 3 литр бензин кетет. Атайын чиркегичин да жасагам. Ага 400-500 килограммга чейин жүк батат», - дейт Т.Жалилов.

Уста учурда чөп жыйноо үчүн тырмоо жасап жатат. Быйыл тырмоону да иштетип көрүүгө аракет жасайт.

«Айыл жергесиндегилер мал жандыктар менен тиричилик өткөрөт. Азыр айылда чөп жыйноо алдында турабыз. Мындай техникаларды колдонуу менен иш бир топ жеңилдейт жана бат бүтөт. Эми тракторду талаага чөп жыйноого да иштетип көрөйүн деп жатам. Жылдагыга караганда быйыл жумушумду жеңилдетем деп ишенип жатам», - дейт элеттик уста.

Ал азырынча пайда көрүү үчүн эмес тракторун иштетүүгө кызыкдар болуп жатат. Ошондуктан быйыл элеттиктердин жерин арзан баада айдап берди. Тактап айтканда, ал күйүүчү майга кеткен чыгымдын акчасын гана алууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1779
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×