Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

«Кошуна үйгө кеткен бойдон дайынсыз»: Ала-букалык окуучу кызды шектүү унаасында зордуктаган

Turmush -  Ала-Бука районунда өзүнүн унаасында окуучу кызды зордуктоого шектүү делип 25 жаштагы жигит кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, Ала-Бука айылынын тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылып, кызынын дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Арыз ээсинин маалыматына караганда, 14-июнда саат 20:30 чамасында анын 2001-жылы туулган кызы — 11-класстын окуучу үйүнөн кошунасыныкына сабакка даярданам деп чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон өспүрүм кызды издөө иштеринин жана ыкчам маалыматтардын натыйжасында, 15-июнга караган түнү аны бейтааныш азиат улутундагы 20-25 жаштардагы атуул күч колдонуп зордуктагандыгын аныкташкан.

«Зордуктаган жаранды аныктоо жана кармоо иштери дайындалып, шектүү катары Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын 1993-жылы туулган тургуну А.Э. кармалган. Ал өзүнүн «Форд-Фокус» үлгүсүндөгү унаасында кызды зордуктагандыгы аныкталды.

Кылмышка шектүү РИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, 2 айга камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен козголгон кылмыш ишти тергөө иштери жүрүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
1
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4371
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×