Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы Айт намазга ар улуттун диаспоралары конок болуп катышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында да Орозо айт намазы окулду. Айт намазга жалпысынан он миңге чукул адам катышканын облустун казысы Абдулазиз Закиров кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү намазга мурунку жылдан айырмаланып ар улуттун диаспораларынын өкүлдөрү да катышкан.

«Шаар тургундары, жетекчилерибиз жана шаарга келген коноктор менен биргеликте Айт намазын окудук. Буга чейин диаспораларга кат жолдогонбуз. Бүгүнкү иш-чарага өзбек диаспорасынан, татар жана уйгур диаспораларынан да өкүлдөр келип катышты. Мындай кадамдын максаты — улуттар аралык ынтымакты чыңдап, бекемдөө», - деди А.Закиров.

Облус боюнча жалпы 634 мечит бар болсо, бүгүн анын ичинен 632 мечитте Айт намазы жана жума намазы окулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 986
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×