Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.06.2018 14:08

Жалал-Абадда балдар үйүнүн тарбиялануучуларына эс алуу уюштурулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган балдарга эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Адиль Жоробаев билдирди.

Анын айтымында, жалпы 30дай балага акысыз балмуздак жана тамак берилди.

«Жалал-Абад шаарындагы «Ак жол» жана «Ак Бермет» балдарды калыбына келтирүү борборунан 30дай баланы шаардагы эс алуу борборуна алып келип, аларга тамак жана балмуздак берилди. Мындай кадамга баруубуздун негизги максаты — мамлекеттин карамагына алынган жеткинчектердин көңүлүн көтөрүп, жылмаюу тартуулоо. Биз менен барган студенттер балдарга чакан концерттик программа тартуулашты», - деди ал.

Жалал-Абадда 25-майдан 25-июнга чейин «Биздин балдар өлкөнүн келечеги» айлыгы жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×