Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 14.06.2018 11:13 На русском

Койдун башына баңгизат жана акча катып, кылмыштуу топтун камактагы мүчөсүнө берүүгө аракет кылышкан (фото)

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тергөө изоляторуна баңгизат жана башка тыюу салынган предметтерди жөнөтүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлерине тергөө изоляторуна баңгизат жөнөтүү пландалып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Мыйзамга каршы келген ишти токтотуу, шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо максатында комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ушул жылдын 9-июнунда биргелешкен оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө камак жайына баңгизат жана башка тыюу салынган предметтерди жөнөтүү фактысы аныкталган.

«Түзөтүү мекемелерине тыюу салынган предметтерди жөнөтүү жолу ойлоп тапкычтык жана кылдаттык менен болуп жатат. Бирок буга карабастан укук коргоо органдары кылмыш чынжырчасынын түздүн-түз катышуучуларын колго түшүрдү. СИЗО мекемесиндеги кабыл алуу бөлмөсүндө азык-түлүктөрдүн арасында баңгизат жана акча каражаты табылды. Азык-түлүк камакка алынгандардын бирине келген. Койдун этинин (тактап айтканда койдун башы) арасында кылдаттык менен эки таңгак: биринде жалпы салмагы 10 гр спецификалык жыты бар зат, экинчисинде баштыкка 500 жана 200 номиналындагы бир нече купюра катылган. Тыюу салынган предметтерди жеткиргендер колго түшүрүлдү», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Шектүү адамдардын өздүгү аныкталды. Алар — Бишкек шаарында жашап жаткан 1990-жылы туулган П.А. жана Чүй облусунун 1996-жылы тургуну П.И. Баңгизат жана акча катылган азык-түлүктү Ысык-Көл облусунун камактагы 34 жаштагы тургуну А.М.га алып келишкен. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган А.М.га опузалоо жана куралды мыйзамсыз сактоо боюнча айып тагылган.

Экспертизанын корутундусунан кийин алынган зат баңгизат — гашиш экени аныкталган. Бул факты УКМК тарабынан каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 247-берененин 2-бөлүмү (баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, сатуу, жүгүртүү жана ташуу) менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөөлөр улантылып жатат.

Ички иштер министрлиги жалпы жарандарды сак болууга үндөп, абакка же түзөтүү мекемелерине ар кандай буюмдарды ала кирүү тууралуу суранычтарды эч качан аткарбоого чакырат. Кылмыштуу план түзгөн тараптар адамдарды ар кандай жол менен алдашы толук мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×