Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 14.06.2018 10:35

Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл 3 талап койду

Turmush -  Чаткал районунун тургундарынын арасында акыркы учурда Иштамберди кенине байланыштуу нааразычылык күч алды. Тургундар кен иштетүүчү компания элдин талабын аткарбай жатканын белгилеп келүүдө.

Ала-Бука районунун карамагындагы Иштамберди кенин иштеткен «Фулд Голд Майнинг» ишканасы элдин талабын аткарбай жатат деген тургундар элге компенсация төлөп берүүнү талап кылууда.

Нааразы болгон эл президентке кайрылды

Нааразы болгон эл президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жолдошту. Кайрылууда таштанды таштоочу жай талапка жооп бербей турганын, ал жашоочулар үчүн коркунуч жараткандан улам алар митингге чыкканын айтышты.

«Урматтуу С.Шарипович, Чаткал, Ала-Бука районунун жаштары «Фулд Голд Майнинг» ишканасынын таштанды сактоочу жайына келдик. Биздин талаптар аткарылбагандан улам мыйзамды бузууга аргасыз болдук. Биз Тогуз-Тородогу окуяны кайталагыбыз келбейт. Калдык сактоочу жер эч кандай талапка жооп бербегени көрүнүп турат. Калдык сактоочу жайдын тосмосун калдык менен тосушкан. Буга чейин бир нече жолу мурдагы президенттерге дагы кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Биз сизден үмүт кылып жатабыз. Өзүңүз келип, тактап берүүңүздү суранабыз», - деп билдиришти эки райондун жаштары өлкө башчыга кайрылууда.

Нааразычылык акциясына чыккандардын айтымында, алар кен казуучу ишкананын имаратына милициянын каршылыгына карабастан кирүүгө аракет кылганда эки тараптуу тирешүү орун алган. Тоскоолдукка карабастан алар ишкананын калдыктарды сактоочу жайына кирип кеткен.

Жергиликтүү тургундардын 3 талабы

Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Марат Кайыповдун айтымында, нааразы болгон эл кен казуучу компаниядан 3 шартты аткарууну талап кылууда.

«Элдин нааразычылыгы бүгүн эле келип чыккан жок. Буга чейин бир нече жолу кагаз жүзүндө кен казган компанияга жана жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдогонбуз. Бирок эч ким элдин үнүн уккан эмес. Эми элдин сабыры кетип, нааразычылыкка чыгып жатат. Эл азыр цианид аралашкан сууну ичүүдө. Компания сыркынды сууларды топтоочу жайын таза суу аккан жерге жакын куруп коюшкан. Ошондон улам цианид суу чыгып, чоң сууга кошулуп, аны эл ичип жатат.

Ошондой эле жергиликтүү жумушчуларды мажбурлап иштеткен жетекчилерди жоопко тартууну дагы талап кылып жатышат», - деди М.Кайыпов.

Жергиликтүү депутат бийлик элдин 3 талабын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.

«Жогорку бийлик элдин талабын аткарып, аталган компания элге зыяны тийбей тургандай болуп иштесе болот. Эгер элдин талабы аткарылбаса, алар ишкананы иштетпейт. Тургундар кен казуучуларды төмөнкү 3 талапты аткарууга чакырууда.

1) Элди басмырлап иштетип келген жетекчилер жана кампа калкалоочулар жоопко тартылсын;

2) Цианид колдонулган фабрика жана таштанды таштоочу жай башка жерге жылдырылсын;

3) Ушул күнгө чейин зыян келтиргендиги үчүн элге компенсация төлөп берсин.

Ушул 3 талап аткарылбаса компания иштебесин деген пикирде турушат», - деди депутат.

Жергиликтүү тугундар 12-июнда компания ишин токтотсун деген талап менен чыгышты. Алар менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундыгы өкүлү жана Чаткал, Ала-Бука райондорунун акимдери жоолугуп, талаптарын угушту. Ал эми 13-июнда Ала-Бука районунун Өрүктү айыл округунда дагы эл менен жолугушуу өтүп, ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, райондордун акимдери, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошов катышты. Анда тургундар нааразычылыктын себебин түшүндүрүштү.

Кен казган компания 392 кыргыз жаранын ишке алган

Ала-Бука районунун аймагына караштуу Иштамберди кени алгач 2005-жылдын 5-ноябрында Кытайдын China Road And Bridge Corporation корпорациясына Иштамберди кенин чалгындоого 2007-жылдын 6-февралында кендин үстүңкү катмарын иштетүү үчүн лицензия берилген.

Өкмөт кенди иштетүүгө уруксат берүүдө China Road And Bridge Corporation компаниясына Ош—Сары-Таш—Иркечтам унаа жолун курдурган. Алар жолдун 190-240-чакырымын курууга милдеттендирилген. China Road And Bridge Corporation жол курууга ылайыкташкан ишкана болгондуктан, Иштамбердини иштетүү үчүн «Фулд Голд Майнинг» аттуу жаңы ишкана түзүп чыккан. 2007-жылдын 23-августунда жаңы түзүлгөн ишканага Иштамберди кенин чалгындоо жана иштетүү боюнча эки лицензия өткөн.

Кен казуучу «Фулд Голд Майнинг» ишканасынын өзүнүн жеке маалыматтык баракчасында Ала-Бука районунун лицензия алынган аймагында 19,197 кг алтын бар экенин, 2619 тонна руда бар экенин көрсөткөн. Жогоруда көрсөтүлгөндөй 350 метр тереңдиктен кийин алтындын запасы көрсөтүлгөн суммадан он эсе көп болушу мүмкүн деп айтылган. Бирок компания аны так айта алган эмес.

Компания 2012-жылы Кыргызстандын 392 жараны ишке алынганын так жазган. Алсак Чаткал районунан 176 адам иштесе, Ала-Бука районунан 138 адам ишке алынган. Калган жарандар өлкөнүн ар кайсыл аймагынан келген жумушчулар. Жалпысынан 479 адам иштесе, анын 87си чет өлкөлүктөр деп көрсөтүлгөн.

Элди нааразы кылган дагы бир көйгөй

Район тургундары кен казуучуларга жумушчулардын 70%ын жергиликтүүлөр түзүшү керек деген талапты коюп келишет. Бирок кен казган тарап жергиликтүү жумушчулардын санын 50%дан ашырбай жатканы элдин компанияга болгон нааразычылыгын күчөткөн.

Мындай маселени байма-бай көтөрүп келе жаткан Жаңы-Базар айылдык кеңешинин депутаты Кудайберди Караев мындай деди: «Элдин нааразычылыгы кен казган компанияда жергиликтүү жумушчулардын саны 50%ды гана түзүп калгандан улам келип чыгууда. Алардын саны 70%ды түзүшү керек деген талапты коюп жатабыз. Бирок 50%ы кытайлар, 50%ы жериликтүү жумушчулар болуп жатат. Биз инвесторду тартканыбызда аларга 70/30 деп келишим түзүшүбүз керек. Алар инвестор эмес алтынды дагы алып, акчаны дагы өздөрү алып кетип жатат. Эгер элдин талабындагыдай жумушчу топтун көпчүлүгү өзүбүздөн болсо бизде нааразычылык дээрлик болмок эмес. Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, кен казгандарга милдеттендирсе анда алар ошол талаптарды аткармак».

Райондук администрациянын маалыматы боюнча 7 компания алтын казууга уруксат алган. Алардын 3сү гана элди жумушка алуудагы маалыматын берет. Калган компаниялар өздөрүн чакан ишкана экенин айтып, канча жергиликтүү жаранды жумушка алганын көрсөтпөйт.

Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Нур Нармырзаев компаниялар өздөрү керектүү адистерди гана ишке аларын белгиледи.

«Чаткал районунда бизге 3 фирма гана расмий түрдө маалымат берет. 25-майга карата алынган маалымат боюнча «Кичи ЧААРАТ» фирмасында 72 адам, «Вертекс Голд» ишканасында 64, «ЭТИ Бакыр» фирмасы 287 адамды жумушка алган. Бул сандар жайкы жумуш учурда көбөйөт. Биз жарандарыбызга жумуш таап берүүгө аракет кылабыз. Компаниялар бизге бош орундуктар боюнча маалымат берет, биз ошол орунга жумушчу таап беребиз», - дейт Н.Нармырзаев.

Чаткал районунун Башка-Терек айылынын тургундары буга чейин 27 кг алтын үчүн 48 гектар токой талкаланып жок болгонун айтып чыгышкан. Чаткал районунда кен казган компаниялар жыл сайын 600гө чукул адамды жумуш менен камсыз кылат. Бирок ал жумуш берүү жай мезгилине гана туура келерин жергиликтүү тургундар айтып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×