Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 12.06.2018 12:25 На русском

Ээктерине урган: Мас абалдагы прапорщик жоокерлерди ур-токмокко алды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында ӨКМдин аскердик бөлүгүндө мас абалдагы прапорщик жоокерлерди ур-токмокко алды. Бул тууралуу 12-июнда АКИpress маалымат агенттигине Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 10-июнда таңкы саат 05:00дө мас абалдагы прапорщик 24 жоокерди тургузуп, аларды шылдыңдап, кемсинтип баштаган.

«Ал жоокерлерди отжимания жасатууга мажбур кылган. Андан соң аскерлерди бул көнүгүүнү жасап жатканда ур-токмокко алып баштаган. Анын кесепетинен 9 адам жабыркаган», - деди ал.

Азыркы учурда аскердик прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жабырлануучулар прапорщиктин үстүнөн арыз жазышкан эмес. Н.Сулайманов бул окуя Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Буга чейин Шамалды-Сай шаарчасындагы оорукананын жетекчиси Манас Медерканов жоокерлер аталган ооруканага кайрылганын тастыктагандыгы маалымдалган.

Анын ырастоосунда, оорукананын хирургия бөлүмүнө 10-июлда саат 11:00 чамасында 9 жоокер кайрылган. Аларга нөөмөттө турган дарыгер биринчи медициналык жардам көрсөткөн.

«Бизге кайрылган жоокерлер 1999-1998-жылкы жигиттер экен. 9 жоокер тең ээктеринен жаракат алышкан, ооруканага жатуунун зарылдыгы жоктугуна байланыштуу тийиштүү жардамдар көрсөтүлгөн.

Жоокерлердин ырастоолорунда, старшинасы таңкы саат 05:00 чамасында аларды ур-токмокко алган экен. Баарысын тең ээк тарабына уруптур», - деп билдирди Манас Медерканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×