Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Ноокенде эскилиги жеткен жыгач электр мамычалар алмаштырылып жатат (фото)

Turmush -  Ноокен районунда эскилиги жеткен жыгач электр мамычалар алмаштырылып жатат. Бул тууралуу «Жалалабатэлектр» ААКтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылындагы электр мамычалар жыгачтан болгондуктан эскилиги жетип, жарактуу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Ноокен райондук электр тармактар ишканасы жаңы электр мамычаларды орнотуп жатышат.

«Жалпысынан 18 даана электр мамычалар орнотулуп, 700 метр аба чубалгысы тартылат. Аталган айыл жашоочулары үйлөрүнүн короосун кеңейтип алышкандыктан, электр устундар үйлөрдүн короолорунда калган учурлар бар. Мындан улам жаңы электр мамычаларды жол жээгине орнотуп жатышат. Адистердин белгилөөсүндө орнотуу жумуштары аяктаган соң техникалык жоготуулар азаят», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 938
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×