Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.06.2018 10:00

Аксыда 800 млн сомго Ак-Терек каналы курулуп баштады

Turmush -  Аксы районунун эгин талаалары сугат суусу жагынан Өзбекстанга көз каранды болбоосу үчүн Аксы районунда Ак-Терек каналын куруу иши кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов билдирди.

Анын айтымында, учурда курулушта 50дөн ашык жумушчу жана 20дан ашык ар түрдүү техника иштеп жатат. Узундугу 7,5 чакырым болгон каналдын эки чакырымы туннель аркылуу өтөт. Бүгүнкү күнгө карата туннелдин 360 метри тешилди. Курулуш 5 лот менен жүргүзүлөт жана ага республикалык бюджеттен 800 миллион сом каралган.

«Сметалык баасы 60 миллион сом болгон бир лоттогу курулушту жоопкерчилиги чектелген «Жагалмай» коому ишке ашырууда. Курулушту бүтүрүү 2026-жылга эсептелген жана Ак-Терек каналынын ишке кирүүсү менен Аксы районунда 5 миң гектар аянтты эгин суусу менен камсыздоо жакшырып, жаңыдан 1,5 миң гектар жер өздөштүрүлмөкчү», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×