Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө аскер бөлүктүн прапорщиги сабаган 9 жоокер ооруканага кайрылды

Turmush -  ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүгүндө прапоршик казармада уктап жаткан 8 жоокерди уруп, денелерине ар кандай жаракат келтирген. Бул тууралуу маалыматты өздүк булактар кабарлады.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 10-июнунда түнкүсүн ӨКМдин шаардагы аскер бөлүгүндө болгон. Анда аталган бөлүмдүн куткаруу тобунда иштеген прапорщик уктап жаткан катардагы жоокерлерди тилдеп, уруп, денелерине ар кандай жарааттарды келтирген. Бул окуядан 8 жоокер жабыр тартып, алар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алышкан. Бирок бир да жоокер кызматкердин үстүнөн арыз жазган эмес.

Шамалды-Сайдагы оорукананын жетекчиси Манас Медерканов жоокерлер аталган ооруканага кайрылганын тастыктады. Анын ырастоосунда, оорукананын хирургия бөлүмүнө 10-июлда саат 11:00 чамасында 9 жоокер кайрылган. Аларга нөөмөттө турган дарыгер биринчи медициналык жардам көрсөткөн.

«Бизге кайрылган жоокерлер 1999-1998-жылкы жигиттер экен. 9 жоокер тең ээктеринен жаракат алышкан, ооруканага жатуунун зарылдыгы жоктугуна байланыштуу тийиштүү жардамдар көрсөтүлгөн.

Жоокерлердин ырастоолорунда, старшинасы таңкы саат 05:00 чамасында аларды ур-токмокко алган экен. Баарысын тең ээк тарабына уруптур», - деп билдирди Манас Медерканов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2428
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×