Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.06.2018 15:40

28 жаштагы Айбек Жолдошев Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы болду

Turmush -  Бүгүн, 11-июнда Жалал-Абад шаардык кеңеште сессия өтүп, күн тартибинде калаа башчысын жана шаардык кеңештин төрагасын шайлашты.

Шаардык кеңештин төрагалыгына «Үлгүлүү шаар үчүн» көпчүлүк коалициясы КСДП фракциясынын депутаты Айбек Жолдошевдин талапкерлигин көрсөтүп, депутаттар жабык добуш берди.

Натыйжада Айбек Жолдошев 30 депутаттын тең колдоосуна ээ болуп, эгемендүүлүк алган жылдан берки шаардык кеңештин 11-төрагасы болуп шайланды. Ал эми төраганын орун басары — «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Нурбек Аканов кызматын өз ыктыяры менен тапшырып, анын ордуна «Ата Журт» фракциясынан экс-төрага Эрнист Ормоков сунушталып, бир добуштан колдоо тапты.

Жалал-Абад шаардык кеңештин мурунку төрагасы Мураталы Тагаев мэр болуп шайланды.

Өмүр баяны

Аты жөнү: Жолдошев Айбек Доолатбекович

Туулган жылы: 15.03.1990-жыл

Туулган жери: Бишкек шаары

Улуту: кыргыз

Билими Жогорку.

- 2007-2013-жж Кыргыз-орус славян университети, экономика факультети

Өмүр таржымалы:

- 2014-жылдын январь айынан июнь айына чейин «РСК Банк» ААКтын Жалал-Абаддагы филиалы, бухгалтер;

- 2015-жылдын январь айынан 2016-жылдын май айына чейин Жалал-Абад шаарынын мэриясындагы жергиликтүү салык жана чогултуулар боюнча башкармалыгында жетектөөчү адис.

Билген тилдери: кыргыз, орус, англис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×