Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.06.2018 12:13 На русском

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 5 адам жабыркады (фото)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 426-чакырымында эки автоунаа кагышып, 5 адам ар кандай деңгээлде жаракат алды. Кырсык Кара-Көл шаарынын аймагында кечээ, 10-июнда саат 07:55 чамасында «Тойота Ипсум» (мамномуру S 1449 AE) жана «Хонда Элизион» (мамномуру 08KG 079 ABL) унааларынын катышуусунда болгон.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жол кырсыгынын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу, жүргүнчүсү жана экинчи унаанын айдоочусу менен 2 жүргүнчү жеңил жаракат алды. Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×