Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-июнда Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо өтүп жатат.

Калаа башчысын шайлоого депутаттар толугу менен келишти. Депутаттар бюллетенге белги коюунун тартиби, аны бүктөөнү бир сааттай талкуулашты. Азыркы тапта мэрликке талапкерлер Мураталы Тагаев, Шайыр Ташиев өздөрүнүн программасын сунушташууда.

Мураталы Тагаев алдыда жер астынан өтүүчү өтмөктү тез арада бүткөрүүгө аракет жасаарын белгиледи. Ошондой эле ал троллейбус маселесин карап көрүүгө кадам таштарын айтты. Муниципалдык автобустарды жаңылоо, заманбап ажатканаларды салуу, инвестиция тартуу менен асма жол курууга аракет жасалаарын айтты.

«Мен биз деген девиз менен шаар депутаттары менен биргеликте иштешүүгө аракет жасайм», - деди ал.

Ал эми Шайыр Ташиев инвестиция тартууга кадам болоорун айтуу менен көмүскөдөгү бизнестерди ачыктоо менен шаар бюджетине 40 миллион сом түшөөрүн белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 498
Көп окулду
×