Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Кыргыз-өзбек «Нефтчилеринин» достук беттеши конок футболчулардын жеңиши менен аяктады (фото)

Turmush -  Жалал-Абадда Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол командаларынын достук беттешиндеги жеңүүчү акыркы мүнөттөрдө аныкталды. Футбол федерациясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Таирбек Чойбеков аймактык кабарчыга билдиргендей, жыйынтык ферганалыктардын пайдасына 1:0 эсебинде аяктаган.

«Кечээ, 8-июнь күнү Фергананын «Нефтчи» жана Кочкор-Атанын «Нефтчи» командаларынын ортосунда футболдук оюн болуп өттү. Бул достук беттешке Наманган шаарынан 25 футболчу келген. Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болуп, аталышы айтып тургандай эки өлкөнүн футболчулары достук үчүн чын дилден ойношту.

Оюндун 2-таймында Фергананын командасы бир гол киргизип, ийгиликке жетишти», - деди Т.Чойбеков.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарына Өзбекстандын Наманган облусунун футболчулары келе турганы күтүлүп жатканын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 898
Көп окулду
×