Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.06.2018 16:19

Жалал-Абаддан ажылык сапарга 1289 адам барат

Turmush -  Жалал-Абад облусунан быйыл Меккеге ажылык сапарга 1289 жашоочу барат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын ажылык боюнча адиси Давран ажы Жунусалиев билдирди.
Анын айтымында, ажылык сапар үчүн облуска берилген 1289 квотанын баары толду.

«Зыяратчыларды коштоп 26 дин кызматкери барат. Алар Муфтияттын ажыларды тандоо боюнча өткөргөн сынагынан өтүп келишти. Ажыга барчулардын кийим-кечелери убакыт жакындаганда берилет. Алар август айынын башында жөнөп кетишет. Зыярат жасоонун жол-жоболору да түшүндүрүлүүдө», - деп билдирди ал.

Ажылык сапарга дубандан 2016-жылы 490, 2017-жылы 918 адам барып, мусулмандык парзын аткарып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×