Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Видео, фото – Ала-Букада көлөмдүү мөндүр жаап, мөмө-жемиштер жабыркады

Turmush -  Ала-Бука айыл аймагында көлөмдүү мөндүр жаады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 8-июнда саат 15:00 чамасында мөндүр жаап баштап, ал 15 мүнөткө созулган.

Ала-Бука айыл аймагынын жетекчиси Мунарбек Дооранбек уулунун айтымында, мөндүр аймактагы мөмө-жемиштерге зыянын тийгизди. Учурда жеринде жумушту топ иштеп жатат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, катуу жааган мөндүрдөн улам бак-дарактар талкаланып, мөмө-жемиштер күүлүп калды.

Ала-Бука райондук администрациясынан билдиргендей, башка айыл өкмөттөрдө мөндүр жааган эмес. Учурда кесепеттер эсептелүүдө. Ыкчам топ учурда зыянга учураган аймактарда иштеп жатат.

Айыл өкмөттө 14 миңге чукул калк жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1920
Көп окулду
×