Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Тогуз-Тородогу жер көчкү түшкөн аймакта түшүндүрүү иши жүрүүдө (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районунда жер көчкү түшкөн аймакта Жарандык коргонуу комиссиясы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-июнда саат 9:30 чамасында Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылынын Жийде тилкесинде төштүн боорундагы булактан чыккан суу жер кыртышындагы топуракты эзип, топурак менен шагыл аралашмасын төмөн агызып түшкөн. Түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 1560 метр кубду түзгөн. Мындан сырткары, жер көчкү түшкөн аймактын 25 метр жогору жагынан жарака пайда болгон.

Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып, жер көчкү түшкөн аймактан 200 метр алыстыкта жайгашкан 1 турак үйдүн жана андан алыс жашаган тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 843
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×