Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо 5 мектептин курулушу бүтпөй турат

Turmush -  Тогуз-Торо районунун кызматка жаңы киришкен акими Айбек Кожошев менен анын жаңы дайыналган 1-орун басары Уланбек Иманбердиев райондогу айыл-кыштактарды кыдырып, элдин көйгөйлөрүн укту.

Акимдин орун басары Г.Султангазиеванын айтымында, жаңы аким менен жолугушкан жашоочулар Кара-Суу жана Дөдөмөл айылдарындагы алды 2013-жылы курула баштаган Т.Сатыбалдиев атындагы жана Дөдөмөл айылындагы мектептердин имараттарынын курулушун бүтүрүүнү өтүнүштү. Мындан башка дагы 2 мектеп 2016-жылы курулган бойдон бүтө элек.

Ошондой эле, жергиликтүү жашоочулар турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө жер бөлүштүрүүнү, таза суу, ирригация, канал куруу көйгөйлөрүн да айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 640
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×