Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.06.2018 20:14

Жалал-Абаддын борбордук көчөсүнө 600дөй гүл челек орнотулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүнүн эки тарабына гүл өстүрүлгөн 600гө жакын челек орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасынын орун басары Канат Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, жол четиндеги гүл челектерге гүлдүн төрт түрү өстүрүлүүдө.

«Быйыл шаарды көрктөндүрүүдө бир аз өзгөчөлүк киргизүүнү эп көрдүк. Аларга кам көрүү үчүн атайын бригада иштеп жатат. Гүл челектерге эки күн сайын суу куюлуп жатат. Кийинки жылы шаардын башка аймактарына да ушундай гүлдөрдү өстүрүүнү пландап жатабыз», - дейт К.Жолдошбаев.

Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесинде 70ке чукул адам эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×