Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.06.2018 16:01 Жаңыланды: 07.06.2018 18:09

Фото — Чачы менен 12 тонналык унаа сүйрөгөн Мык чайнар эми учак сүйрөйт

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарынын 23 жаштагы тургуну Сапаралы Акбаралы уулу 12 тонналык унааны чачы менен сүйрөдү. Мык чайнар атыккан балбан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, эми ал учакты сүйрөөнү пландап жатат.

«Мык чайнар деген каймана атты мага Ташчайнар аты менен таанымал Нурлан Алишеров агабыз койгон. Мен алгач мыктарды тишим менен кайрып жүргөм. Ошондон улам Мык чайнар атка кондум. Учурда чачым менен унааларды сүйрөп жатам. Акыркы жолу 12 тонналык унааны сүйрөдүм. Эми учакты сүйрөөнү пландап жатам. Алгачкы аракетимден майнап чыккан жок. Машыгууга каражат жок болуп калгандыктан токтоп калдык. Эми каражат табылса машыгып, планымды ишке ашырам», - деди С.Акбаралы уулу.

Анын айтымында, ал кичине кезинде эле тиши менен оор боюмдарды көтөрүп, элди таң калтыра баштаган.

«Ташчайнар агабыз алгач чыгып жатканда аны сыналгыдан көрүп, ал жасагандарды мен деле жасай алам деп айттым. Агаларым таң калып сурап калышты. Тишим менен оор нерселерди көтөргөнүмдү көрүп, "өнөрүң бар экен" деп, мени Ташчайнар агабызга алып барышты. Ал дагы менин өнөрүмө баа берди. 3 жылдан бери бул өнөрүмдү өркүндөтүүгө аракет кылып жатам. Келечекте рекорд жасап, элди дагы таң калтыргым келет», - дейт С.Акбаралы уулу.

Ал атайын чакыруулар менен чет өлкөлөргө дагы чыгып жатканын белгиледи.

«Мен бул өнөрүм менен көптөгөн өлкөлөрдү көрүп келдим. Кытайда өткөн сынакка катышып, финалга чыккам. Бирок кийин виза берилбей калгандыктан финалга катыша албай калдым. Мындан тышкары, Казакстандагы балбандар менен жолугуп, өнөрлөрүбүздү көрсөтүп турабыз. Азыр чачым менен унааларды сүйрөгөнүм көпчүлүктү таң калтырууда», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×