Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Токтогул шаарынын мэрин шайлоо күнү белгиленди

Turmush -  Токтогул шаарынын мэрин шайлоо 20-июнда өтөт. Бул тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаар мэрин шайлоо боюнча БШКнын токтому чыкты. 12-июнга чейин мэрликке талапкерлердин документтери тапшырылуусу керек. Азырынча бир дагы талапкер каттала элек.

Ушул жылдын 13-майында Токтогул шаардык кеңешин шайлоодо КСДП 7, «Мекеним-Кыргызстан» 6, «Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары үчтөн мандатка, «Энергетиктер» фракциясы 2 мандатка ээ болушкан. Шаардык кеңештин ХХVIII чакырылышына депутат болуп келгендердин ичинен КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Энергетиктер» фракциялары биригип, «Биримдик» аталыштагы жаңы коалицияны түзүшкөн. Бул коалиция азырынча мэрликке көрсөтүүчү талапкерди ачыкташа элек.

Токтогул шаарында жалпысынан 10 миң шайлоочу бар, анын ичинен 5475и шайлоого катышып, добуш беришкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 446
Көп окулду
×