Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Жалал-Абад

Фото — АКШда акысыз окуп келген 18 жаштагы Айназик тажрыйбасы менен бөлүштү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 18 жаштагы тургуну Айназик Мамадалиева АКШнын Висконсин штатындагы мектепте бир жыл акысыз билим алып келди. Аймактык кабарчы аны менен баарлашты.

А.Мамадалиеванын айтуусунда, ал Америка өкмөтүнүн саясаты боюнча билим алган.

«Мен 2015-2016-окуу жылында FLEX программасынын негизинде Американын Висконсин штатындагы Ла Кросс шаарына барып, Ла Кросс Хайт мектебинде билим алып келдим. Бул программа Америкага барууга шарты жок, бирок билим алууну каалагандар үчүн эң ыңгайлуу экен. Эгер жашың туура келсе 9-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Алар визасын, билет, жатакананы камсыздап, ай сайын 125 доллар өлчөмүндө стипендия төлөп беришет. Бул программадан өтүү үчүн биринчи тестирлөөдөн, экинчиден эссе жазуудан, үчүнчүдөн маектешүүдөн, анкета толтуруудан өтүү керек. Мында англис тилин канчалык деңгээлде билгениң текшерилбейт», - деди ал.

Анын айтуусунда, алгач ушул программа менен башка өлкөлөрдөн барган окуучулар менен бир ай Молдавияда лагерде эс алышкан. Андан соң Америкага учуп, Чикаго шаарында, Огайо штатынын Колумбус шаарында, Висконссин штатынын борбору Мэдисон шаарында, Миннесота штатында жана башка кичи шаарларда саякатташкан.

«Американын эли достукту сүйгөн эл экен. Мен алардан эркин жана критикалык ой жүгүртүүнү жана эл ичинде калыптанган стереотиптик көз караштарга байланбоого үйрөндүм. Мен буга чейин уялчаак, тартынчаак элем. Ал сапаттарым калды.

Кыргызстанга келгениме бир жылдай болду. Учурда И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз-герман факультетинде гидроэлектроэнергетика багыты боюнча билим алып жатам.

Америкада жүрүп англис тилин эң жакшы деңгээлде үйрөндүм. Учурда ата-энеме каржылык жактан көз каранды эмесмин. Өзүмдү өзүм каржылап, англис тилинен атайын курстарда сабак берем. Мени ар тараптан колдоп турган ата-энеме жана англис тилчи мугалимим Мейис Райымкуловага ыраазычылык билдирем», - деди А.Мамадалиева.

Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1931
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×